Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:19

Аба ырайы: күн ысык болот


"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 28-30-июнда күн ысык болот. Абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 36-38 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин жетет. Аба ырайы өтө ысык болгон учурда күндөн сактануу эрежелерин кармануу сунушталат.

28-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 33...38,

Талас облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 19...24, күндүз 34...39,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 36…38 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 27…29° болот. (JsA)

XS
SM
MD
LG