Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 200 миң адам бар


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 200 миң адам бар. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Ал 27-июнда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып майыптыгы бар 200 миң кишинин 120 миңи пенсия, 80 миңи жөлөк пул аларын айтты.

Кудайберген Базарбаев ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көчөдө, мекеме-ишканаларда жакшы шарт түзүлбөгөнүн кошумчалады.

13-июнда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына майыптыгы бар адамдар акцияга чыгып, бийликтен турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылышкан. Алар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолугуп, өкмөттө бул маселе боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатканын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG