Орусия менен Кошмо Штаттар 10-апрелде Бириккен Араб Эмираттарынын баш калаасы Абу-Дабиде туткун айырбаштады. Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы алгачкылардан болуп кабарлады. Туткундарды өткөрүп алуу жараянына эки өлкөнүн атайын кызматтары келишкенин WSJ Борбордук чалгын кызматынын башчысы Жон Рэтклиффке таянып жазды.
Москва азырынча расмий түрдө алмашуу тууралуу маалымат бере элек.
Орусия Украинага жардам көрсөткөн кайрымдуулук уюмуна 51 доллар 80 цент которгону үчүн 12 жылга кесилген Ксения Карелинаны өткөрүп берди. Ал Орусия менен Американын жараны. Тергөөнүн версиясына караганда, ал Украинанын куралдуу күчтөрүнө акча которгон.
Бул маалыматты РБК агенттигине Карелинанын адвокаты Михаил Мушаилов ырастады.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ксения Карелина Америкага кайтып бара жатканын билдирди.
"Ал Орусияда бир жыл мурун мыйзамсыз кармалган жана президент Трамп анын бошотулушун камсыздады. Президент бардыгы бошотулушу үчүн иш алып барууда", – деп жазды Рубио X социалдык түйүнүнө.
АКШ болсо Германиянын жана Орусиянын жараны Артур Петровду өткөрүп берди. Ал Москвага санкцияларды айланып өтүп, микроэлектроника жеткиргени үчүн айыпталып, 2023-жылы Кипрде АКШнын суранычы менен кармалган.
Былтыр августта Орусия, АКШ жана бир катар өлкөлөр туткун айырбаштаган. Москва бошоткон 16 адамдын ичинде "Азаттыктын" журналисти Алсу Курмашева, Wall Street Journal басылмасынын репортеру Эван Гершкович, Мичиган университетинин корпоративдик коопсуздук кызматынын башчысы Пол Уилан дагы болгон.
Андан тышкары сегиз орусиялык үйүнө кайткан.
Шерине