Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

Бишкектин борбордук бөлүгүнө жаратылыш газын берүү бир айга токтотулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 19-июндан тартып Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаратылыш газын берүү токтотула баштады. Буга чейин "Газпром Кыргызстан" компаниясы 20-июндан 20-июлга чейин эскирген газ куурлары алмаштырылып, ремонт иштери жүрө турганын кабарлаган. Буга байланыштуу бир ай шаардын айрым көчөлөрүнө (Осмонкул, Толстой, Бейшеналиева (Ала-Арча дарыясы), Малышев, Баялинов (БЧК), Журнальный, Жибек Жолу) көгүлтүр от берүү токтотулат.

Айрым шаар тургундары социалдык тармактарга газ берүү бир күн мурда, 19-июнда токтотулганына нааразылыгын билдирүүдө. Аталган компания техникалык себептерден улам айрым райондордо иш бир күн эрте башталганын белгилеп, ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурады.

Маалыматка караганда, бул газ куурлары 1970-жылы колдонууга берилген.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 АКШ долларына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн. Ортодо түзүлгөн келишимде компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубл жумшоону убада кылган.

Быйыл жазында Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламент жыйынында "Газпром Кыргызстан" ишканасынын жумушун сындап, орус тарап келишимдеги макулдашууларды аткарбай жатканын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG