Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Казакстандын президенти Орусиянын сыйлыгын алуудан баш тартты


Касым-Жомарт Токаев (солдо) жана Владимир Путин (оңдо).
Касым-Жомарт Токаев (солдо) жана Владимир Путин (оңдо).

Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз кызматы казак президенти Орусиянын Александр Невский атындагы орденинен баш тартканын билдирди.

Басма сөз катчы Руслан Желдибайдын "Власть" журналына билдиришинче, Токаев президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин жергиликтүү дагы, чет элдик дагы сыйлыктарды алуудан баш тартууну чечкен.

Невский ордени Токаевге Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда тапшырылмак. 17-июнда бул жыйынга катышкан Токаев орусиячыл жикчилдер өзүң өзү көз карандысыз өлкө катары жарыялап алган "ДЭР" жана "ЛЭРди" тааныбай турганын айткан.

Александр Невский атындагы орден Орусия менен көп жыл кызматташып, экономикалык, социалдык байланышты чыңдаган чет элдик саясатчыларга ыйгарылат.

Бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 18-июнда "Подъём" басылмасына Орусияда Токаевди сыйлоо пландалбаганын билдирди.

Казак президентинин басма сөз кызматы Токаев буга чейин Бишкек сапары учурунда да I даражадагы "Манас" орденинен баш тартканын белгилеген.

  • 2017-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин ошол кездеги казак парламентинин сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевди Орусия менен Казакстандын элдеринин "достугун жана кызматташтыгын чыңдаганы" үчүн атайын орден менен сыйлаган.

XS
SM
MD
LG