Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:17

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин Венгриядагы расмий сапары уланууда


Түрк тилдүү мамлекеттердин Венгриядагы элчилери менен жолугушуу.
Түрк тилдүү мамлекеттердин Венгриядагы элчилери менен жолугушуу.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин Венгриядагы расмий сапары уланууда. 16-июнда Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министрлигинде мекеменин мамлекеттик катчысы Тамаш Менцер менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары талкууланып, венгр өкмөтү маданий дипломатиялык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан бул эл аралык уюмдун ишине колдоо көрсөтүүсүн уланта берери белгиленди.

Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министрлигинин мамлекеттик катчысы Тамаш Менцер менен жолугушуу.
Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министрлигинин мамлекеттик катчысы Тамаш Менцер менен жолугушуу.

Тамаш Менцер уюм венгриялык маданияттын жана искусствонун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн мурасын сактоого жана жайылтууга кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Венгрия 2023-жылы ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгын белгилөөгө жана майрамдык иш-чараларды уюштурууга катышууга даяр экенин айтты.

Белгилүү венгр жазуучусу Шандор Петефинин адабий музейинде Венгр маданияты фондунун президенти Сцилард Деметер менен өткөн жолугушууда жазуучунун келерки жылы белгилене турган 200 жылдыгына карата дүйнөнүн ар кыл аймактарында ири маданий жана чыгармачыл долбоорлорду ишке ашыруу пландары талкууланып, Будапешттин жашоочулары арасында популярдуу болгон “А38 маданий кемеси” жайында эскурсия уюштурулду. Петефи радиосуна курган маегинде Раев ТҮРКСОЙ уюмунун түрк дүйнөсүнүн адабияты, маданияты жана искусствосу тармагында жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу кеңири маалымат берди.

Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери Шандор Лежак менен жолугушууда ТҮРКСОЙ менен Венгриянын кызматташтыгынын азыркысы жана келечеги тууралуу сөз болду. Султан Раев соңку жылдары уюмга мүчө өлкөлөр арасында маданий кызматташтык жакшырганын белгиледи. Түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрүнүн Венгрияда өтө турган гунн-түрк курултайына катышуусу, Лежактын Кыргызстанга пландалып жаткан сапары да талкууланды.

Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинде ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн бул мамлекеттин жогорку окуу жайларында билим алып жаткан жаштары менен жолугушуу уюштурулуп, эки тараптуу жана уюм алкагындагы мамилелер, кызматташтык тууралуу баарлашуу жүрдү.

Будапештте Раев Венгриянын «Туран» фондунун, Венгриялык мурас үйүнүн, Венгриянын Фольклордук ассоциациялар бирлигинин жетекчилери менен жолугушуп, “Венгриялык түркологдордун биографиялык чакан энциклопедиясынын” бет ачарына катышты, Айтматов паркына барып, улуу жазуучунун жаркын элесине таазим этип, гүлчамбар койду жана Европанын 2023-жылдагы маданий борбору деп аныкталган Веспрем шаарында да бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Будапешттеги Чыңгыз Айтматов атындагы парк.
Будапешттеги Чыңгыз Айтматов атындагы парк.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп быйыл март айында дайындалган. Учурда ал түрк тилдүү өлкөлөрдү, элдерди кыдырып, уюм алкагындагы өз ара маданий алакаларды талкуулап жатат.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун түзүү тууралуу келишимге 1993-жылы Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия өлкөлөрүнүн маданият министрлери кол коюшкан. (RK)

XS
SM
MD
LG