Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:21

ЖМК комиссиясы Ыдырыс Исаков иликтөөсүндө журналисттик этиканы бузган деп тааныды


Ыдырыс Исаков
Ыдырыс Исаков

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия Баткен облусунун тургуну Турабай Бостоновдун журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн жазган арызы боюнча чечим чыгарды.

Комиссия материалдар журналисттин этика кодексинин 10-беренесин бузган деп тааныган. Анда фактылар, пикирлер жана божомолдор бири-биринен так ажыратылууга тийиш деп белгиленет.

Журналист Ыдырыс Исаковго сюжетинде убада кылгандай арыз ээсине өз платформасында микрофон берүү сунуш кылынган.

Комиссия материалдарды Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы журналистика факультеттерине студенттердин “Журналисттин кесиптик этикасы” курсунун алкагында окуу үчүн өткөрүп берет.

Март айында иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү тилкелерди бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу сюжет жарыялаган.

Анда аталган айыл өкмөтүн 2000-жылдардан кийин он жылдай жетектеген Турабай Бостонов жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аны облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы, мамлекетке таандык элүүдөн ашык мүлктү жакындарына мыйзамсыз менчиктештиргени айтылып, бул тууралуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурданы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов далилдерди келтирген. Аты аталгандар дооматтарды четке каккан.

Журналисттик иликтөө резонанс жаратып, бир катар прокурорлордун кызматтан кетиши, иликтөөнүн каармандарынын камалышы менен коштолгон.

Турабай Бостонов 2022-жылдын март айында Исаковдун YouTube каналына жарыяланган "Баткендин Березовскийи", "Баткенди каптаган башаламандык" деген видеоматериалдары бир жактуу болуп, ар-намыс менен кадыр-баркка шек келтирет деп арыз менен кайрылган. (МТа)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG