Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:02

Бишкекте Казакстанда биологиялык лабораториянын курулушуна каршы митинг өттү


Казакстанда биологиялык лабораториянын курулушуна каршы митинг.
Казакстанда биологиялык лабораториянын курулушуна каршы митинг.

16-июнда Бишкектеги Горький аянтында Казакстанда биологиялык лабораториянын курулушуна каршы митинг өттү.

Митингге элүүнүн тегерегиндеги адам катышып, аны “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу, саясат таануучу Бакыт Бакетаев уюштурган.

Бакыт Бакетаевдин айтуусунда Казакстан менен АКШ өкмөттөрүнүн келишимине ылайык кыргыз-казак чек арасына жакын Казакстандын Кордай районунун Гвардейское айылында биологиялык лаборатория курулуп жатат. Анын курулушу 2025-жылга чейин бүтөт.

"Учурда Казакстанда 3-деңгээлдеги эки биолаборатория бар. Азыр 4-деңгээлдеги дагы бир биолаборатория куруп жатат. Бул дүйнөдө болгон бардык оорулардын штаммдарын чогултат. Бизде аны ким чогултат, ким изилдейт деген суроо туулат. Биз курбагыла деп жатабыз. Эгер кура турган болсо биздин окумуштуулар көрүп, коопсуз экенине ынансын".

Казакстандагы биологиялык лабораториянын курулушуна каршылар Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылышкан. Алар МАГАТЭ (Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик) сыяктуу биологиялык лабораторияларды көзөмөлдөгөн уюм түзүүнү талап кылышууда.

Ушул жылы 19-апрелде Москвада өткөн жыйында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында BSL3 биологиялык лабораториясын курууга каршы экенин билдирген.

Интернеттеги ачык маалыматка караганда, биологиялык коргоо жана коопсуздук боюнча лаборатория куруу келишимине Кыргызстан жана Канада 2008-жылы кол коюшкан. Эгер ал ишке ашса, лаборатория Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында курулмак. (МТа)

XS
SM
MD
LG