Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Депутат Токторбаев Тенгиз Бөлтүрүктү сындады


Жеңишбек Токторбаев.
Жеңишбек Токторбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев ("Ата-Журт Кыргызстан") 16-июнда парламент отурумунда Кумтөр кенин башкарган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги кымбат баадагы кеңсени ижарага алганын кайрадан сынга алды.

Депутат Бишкектин чок ортосунан 5000 чарчы метр кеңсени ижарага алуу жалпы жонунан 120 миң долларга айланарын айтып, холдингдин төрагасы Тенгиз Бөлтүрүктү айыптады.

"Тенгиз Бөлтүрүк мырза, убакыт бар кезде эсиңизге келиңиз. Элдин акчасын ой-келди чачууга ким уруксат берди? ", - деди депутат.

Депутат “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мамлекетке караштуу кеңседен чыгып, шаардын чок ортосундагы кымбат баалуу жеке менчик кеңсеге көчкөнү тууралуу 15-июнда дагы маселе көтөргөн.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин басма сөз катчысы Назира Ахмедова холдингдин жаңы кеңсеге көчүшү негиздүү экенин билдирген.

"Учкун" ишканасында “Кумтөр Голд Компани" отурчу. Азыр холдинг түзүлдү. Биз ал жакка баткан жокпуз. Бир кичинекей кабинетте 7-8 киши тыгылып отурду. Ал жерде эки лифт иштейт, жакшы жүрбөйт. Кеңсе эскирген, ремонтко көп каражат кетмек. Мамлекеттик ишканаларда биз издеген кеңсе жок экен. Биз орточо баадагы кеңсе алдык. “Кумтөр Голд Компани" ишканасында 345 киши иштейт. Андан тышкары холдингдин кызматкерлери бар. Жалпы 500гө жакын. Андан тышкары эл аралык инвесторлор келип жатат. Аларды кабыл алганга дагы "Учкундагы" кеңседе мүмкүнчүлүк болбоду".

Холдиндин кеңсеси Бишкек шаарынын Панфилов 178 дарегинде жайгашкан. Ал жалпы аянты 5000 чарчы метрди түзгөн "А" классындагы кеңсе.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин басма сөз катчысы ижара акысы тууралуу так маалымат берген эмес.

Коомчулукта Кыргызстан Кумтөрдү өз колуна алгандан бери канча киреше таап, өкмөт ошол акчаны кандай бөлүштүрүп жатканы тууралуу ачык маалымат жок деген сын пикир айтылып келет.

Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат берилерин билдирген.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. (МТа)

XS
SM
MD
LG