Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:01

Депутат Мадумаров мугалимдерди саясий иштерге тартууга тыюу салууну сунуштады


Мектеп мугалими
Мектеп мугалими

Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү талкуулоо маалында билдирди.

Анын айтымында, бийлик мугалимдерди бар кандай саясий иш-чаралар, шайлоолордо курал катары колдонуу Кыргызстанда адатка айландырган. Буга байланыштуу мындан ары мыйзамга билим берүү кызматкерлерин саясий иштерге катыштырууга тыюу салууну сунуштады.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясында улуттук макамы бар жогорку окуу жайлардын ректорлорун университеттин жамааты тарабынан шайлоону жокко чыгарып, түз дайындоо сунушталууда. Билим берүү жана илим министрлиги ректорлорду шайлоо ыкмасы өзүн-өзү актаган жок деген түшүндүрмө негиз катары сунуштады.

Комитеттин жыйынында айрым депутаттар Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорундагы өзгөртүүгө каршы чыгышты.

Кыргызстанда 33 мамлекеттик университет болсо, анын төртөөндө улуттук макамы бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG