Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:18

Херсондо жана Запорожьеде Орусияга кошулуу референдумуна даярдык тууралуу айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Орусия басып алган Херсон жана Запорожье облустарынын администрация өкүлдөрү ал жакка орус президентинин администрация башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенко 7-июнда барып кеткенден кийин Орусияга кошулууга даярдык көрүү тууралуу айтып чыгышты.

Кириенко жок эле дегенде Херсон облусунун Орусияга кошулуусу Крымдын мисалында жүргүзүлөрүн айтканы кабарланууда, бирок бул боюнча расмий маалымат жок.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. Азыр орус армиясы Херсон жана Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөөдө, Запорожье шаары Украинанын көзөмөлүндө турат.

Айыгышкан кармаштар Украинанын Луганск облусунун Северодонецк шаарында жана Донецк облусунун Славянск шаарында өтүүдө. Орусиянын күчтөрү эки калааны тең артиллерия жана бомбалар менен дээрлик талкалап салды. (RK)

XS
SM
MD
LG