Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:08

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан тең чыкты

8-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары башталды. Азия кубогуна жолдомо үчүн Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойноду. Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. Кыргызстан биринчи беттешинде Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 эсебинде жеңди.

19:59 14.6.2022

19:55 14.6.2022

19:55 14.6.2022

Кыргызстандын футбол союзу күйөрмандарга кайрылып стадионго дин, расалык, этникалык жана улут аралык кастыкты козуткан, оюндун катышуучуларын мазактаган ар кандай материалдарды алып келүүгө тыюу салынганын эскертти.

Уюмдун өкүлү Асел Асаналиева коопсуздукка өзгөчө көңүл буруларын ырастады.

"Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Стадиодон бардык текшерүү иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери келишти. Коопсуздук жагы жогорку деңгээлде. Оюнда улуттук курама команданы маданияттуу колдоп, команданын аракетин жүрүм-турумубуз менен текке кетирип албайлы деп жарыя кылганбыз. Бардык эрежелерди сактап, улуттук курама команданы мааданияттуу колдоп берели деп кыргызстандыктарды чакырмакчыбыз. Дагы айта кетчү нерсе, буга чейин батыш жана чыгыш трибунасына билеттер сатылган. Учурда Кыргызстан менен Тажикстан курамаларынын беттешине билеттер аз санда калды. Күйөрмандардын өтүнүчү менен кошумча дагы бир трибунага билеттер сатыкка чыкты. Баасы батыш жана чыгыш трибунасына салыштырмалуу арзан болот".

КР мыйзамына ылайык:

  • Күйөрмандарга төмөнкүлөргө тыюу салынат: дин, расалык, этникалык жана улут аралык кастыкты козуткан, оюндун катышуучуларын мазактаган ар кандай материалдарды алып келүүгө;
  • Бат тутанган уулу, учтуу, жардыруучу, ок атуучу куралдарды, кесүүчү заттарды, чемодан жана айнектен жасалган буюмдарды алып келүүгө;
  • Мас абалда, алкоголдук ичимдиктерди алып келүүгө, тамеки чегүүгө;
  • Оюнчуларга жана оюн талаасына ар кандай нерселерди ыргытууга, оюн таласына чыгууга, калыстар, оючулар жана машыктыруучулардын жеке бөлмөлөрүнө кирүүгө тыюу салынат.
19:54 14.6.2022

Буга чейин эки оюнда үч гол киргизген коргоочу Виктор Майер курамада жок. Ал өзүнүн иштери менен Германияга кеткени белгилүү болду.

"Тилекке каршы, Эрбол Атабаев жарым саат ойногондон кийин жаракат алып, өзүн толук көрсөтө албай калды. Гүлжигит Алыкулов аны алмаштыра алган жок. Өзүн толук көрсөтө албай калды десек болот. Виктор Майердин ордун Мирлан Мурзаев алмаштырабы, же башка оюнчулар чыгабы деген суроолор бар. Менимче, бүгүнкү оюн голдорго бай болбосо дагы футболдук окуяларга бай болот деп ойлойм. Чынын айтсак, акыркы жылдары биз Тажикстанды ута албай жүрөбүз. Акыркы төрт беттешти алсак, 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюнунда Кыргызстан Тажикстанды жеңип алган (29-март, 2016-ж. 1:0). Калган үч оюнда бир тең чыгып, эки жолу жеңилген. Демек, статистика азыр тажиктер тарапта. Ошентсе дагы биз өзүбүздүн талаада ойноп жаткандан кийин күйөрмандардын жардамы менен жеңип алганга мүмкүнчүлүк чоң",-деди КТРК Спорт телеканалынын футбол баяндамачысы Зыярат Эсенбай.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG