Кыргызстан менен Сингапур беттеши соңуна чыкты. Азия кубогуна тандоо оюндарынын биринчи беттешин Кыргызстан 2:1 эсеби менен жеңди.
Гол! Кыргызстан курамасынын жарым коргоочусу Виктор Майер ("Айнтрахт Рейн", Германия) 80-минутада гол тепти. Эсеп 2:1!
Сингапур оюнчусу эреже бузуп, калыс пенальти белгиледи. Валерий Кичин (77 мин.) дарбазага таамай тепти! Эсеп 1:1!
Кыргызстандын курамында Эрбол Атабаев ("Динамо Махачкала", Орусия) оюнга чыгып, Гүлжигит Алыкуловду ("Кайрат", Казакстан) алмаштырды. Бул анын улуттук курамадагы дебюту.