Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:44

Өзбекстанда нан кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстанда өкмөттүн буудайды дыйкандардан базар баасы менен сатып алуу тажрыйбасы ун жана дан азыктарынын кымбатташына алып келди.

1-июндан бери Ташкенттеги дүкөндөрдө бир бөлкө нандын баасы 1600 сумдан 2800 сумга (20 сом) чейин же дээрлик 80 пайызга жогорулады. Мындан тышкары башка көптөгөн ун жана дан азыктары да 30-40 пайызга кымбаттады.

Бирок дыйкандар буудайын кымбат сатууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтышууда. Маселен 1-июндан тарта алар мамлекеттин буйрутмасы менен өстүрүлгөн буудайдын 1 килограммын 3 миң сумдан (21,5 сом) сата башташты. Былтыр мамлекет дыйкандардан 1 килограмм буудайды 1850 сумдан (13,3 сомдон) сатып алган.

Украинадагы согушка байланыштуу учурда дүйнөлүк базарда буудай менен дан азыктары тартыш болууда. Адистер дүйнө өлкөлөрүндө азыктын бул түрлөрү жана башка негизги товарлардын баасы жогорулайт деп эскертип жатышат.

​"Уздонмахсулот" мамлекеттик ишканасы быйыл дыйкандардан 1 миллион 800 миң тоннага жакын буудай сатып алуу пландалып жатканын билдирди.

"Анын бир бөлүгүнөн ун өндүрүлсө, калганы резервде калат. Азыр биздин кампаларда резерв жетиштүү. Бизден тышкары жеке ишкерлер да чет өлкөлөрдөн буудай жана ун алып келүүдө",– деди ишкананын басма сөз катчысы Гофуржон Каршибоев.

Өзбекстандын Каржы министрлигинин өкүлдөрү 2-июнда Ташкентте өткөн басма сөз жыйынында ундун кымбатташы убактылуу көрүнүш экенин айткан.

Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги быйыл өлкөдө буудайдын 7 миллион 679 миң тонна түшүмү жыйналат деп болжолдоп жатат. Былтыр жыйналган түшүм 6 миллион 656 миң тоннаны түзгөн.

XS
SM
MD
LG