Келечекте Ошто феминисттик уюм ачам деп кыялданган Инобатхон Султанова 22 жашта. Аны аймактардагы аялдардын абалы, эрте турмушка чыккан секелектердин тагдыры, алар дуушар болгон чектөөлөр ойлондурат. Учурда ал Ош шаарында аялдардын укугу үчүн күрөшүп жүргөн жаш активист.