Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Салык кызматы депутаттын ККМ боюнча билдирүүсүнө жооп берди


Көзөмөл-кассалык жабдыгына каршы митинг. Бишкек, 30.05.2022
Көзөмөл-кассалык жабдыгына каршы митинг. Бишкек, 30.05.2022

Мамлекеттик салык кызматы депутат Балбак Түлөбаевдин "көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонбогон ишкерлердин лицензиясы алынып жатат" деген билдирүүсүнө жооп берип, чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Анда Салык кызматы көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонбогон ишкерлердин лицензияларын артка чакыртып алууга укугу жок экени айтылат. Салык мыйзамдарына ылайык, ККМди колдонбогон учурда же бузулган аппарат үчүн административдик айып салынат.

Салык кызматы лицензия талаптарын сактабагандыгы үчүн алкоголдук продукцияны саткандардын гана лицензияларын токтото алат.

2-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Балбак Түлөбаев ККМ колдонбогон ишкерлердин лицензиялары алынып жаткандыгы жөнүндө айткан.

30-майда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында жеке ишкерлердин ККМге каршы нааразылык акциясы өткөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда эки миңге жакын шаар-кыштактардагы соода түйүндөрүнө көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) киргизиле турганын билдирген. (МТа)

XS
SM
MD
LG