Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Легендарлуу футболчу Пеле Путинди Украинадагы согушту токтотууга чакырды


Орусиянын президенти Владимир Путин, Пеле жана Диего Марадона. 2017-жыл. Москва, Орусия.
Орусиянын президенти Владимир Путин, Пеле жана Диего Марадона. 2017-жыл. Москва, Орусия.

Дүйнөлүк футболдун легендасы, 81 жаштагы бразилиялык Пеле (Эдсон Арантис ди Насименту) Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, Украинадагы согушту токтотууга чакырды.

“Бул уланып жаткан зомбулукту актаганга таптакыр болбойт. Бул жаңжал өтө кейиштүү, маңызсыз жана оору, коркуу жана жек көрүүдөн башка эч нерсе алып келбейт. Аны токтотуу 2017-жылы акыркы жолугушууда мен кыскан сиздин колуңузда”,-деп айтылат Пеленин Инстаграмдагы кайрылуусунда.

Пеле ал жылы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Орусияда өтчү чемпионатын утурлай уюштурулган иш-чараларына катышып, Путин менен учурашкан.

Футбол легендасы Пеле Time журналынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарына кирет.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны "денацификациялоо" жана "демилитаризациялоо" деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Согуш башталган үч айдан бери Украинада миңдеген, айрым эсептер боюнча он миңдеген жайкын тургундар өлдү. Эки тараптын кагылышуусунан ошондой эле миңдеген аскерлер кырылды. (ErN)

XS
SM
MD
LG