Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Сузакта 39 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абад облустук милициясы Сузак районунда 39 жаштагы келинди күйөөсү сабагандан кийин каза болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, келиндин күйөөсү 1-июнда кечинде мас болуп келип, жубайы менен уруша кеткен. Ал аялын сабап, кийин кайра элдешкен. Келиндин каза болгону кийинки күнү эрте менен белгилүү болгон.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тиешелүү экспертиза жүрүп жатат.

Кыргызстанда соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук көрүнүштөрү күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү дагы моюнга алууда. Быйыл Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 97-орунга түштү. Бул индекс Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө дегенди билдирет.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет. (JsA)

XS
SM
MD
LG