Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:25

Орусиялык журналист Украинага жардам берүү үчүн Нобелдин медалын сатыкка койду


Дмитрий Муратов Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алып жаткан учуру.
Дмитрий Муратов Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алып жаткан учуру.

Орусиянын “Новая газета” басылмасынын баш редактору, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратов украиналык качкындарга, жарадарларга жана ооруканада жаткан балдарга жардам берүү үчүн аталган наамдын медалын аукционго койду.

Сатуу иштерин Heritage Auctions аукциондук мекемеси уюштурмай болду. Баштапкы баа катары 13 миң доллар коюлду. Финалдык соода 20-июнда Нью-Йоркто өтөт. Түшкөн каражат ЮНИСЕФ аркылуу украиналык балдарга жумшалат.

Орусиянын Украинага кол салуусун кескин айыптаган журналист Дмитрий Муратов украиналык жабырлануучуларга жардам катары сыйлыгын сатарын быйыл 22-мартта жарыялаган. Анда журналист аукцион өткөрүүчү мекемелерге кайрылып, медалды сатып беришин өтүнгөн. Муратов ал күнү ок атышууну токтотууга, туткундарды алмашууга, сөөктөрдү кайтарууга, гуманитардык коридорлорду ачууга жана качкындардын коопсуздугун камсыздоого чакырган.

Дмитрий Муратов Нобелдин Тынчтык сыйлыгын 2021-жылы филиппиндик журналист Мария Ресса менен чогуу алган. Аларды сыйлоо аземи былтыр 10-декабрда Норвегиянын борбору Ослодо өткөн. Нобел комитетинин билдирүүсүндө, журналисттерге абройлуу эл аралык сыйлыкты “демократияга жана тынчтыкка өбөлгө түзгөн пикир эркиндигин коргоодогу аракеттери үчүн” берилген.

Физиология боюнча Нобел сыйлыгынын ээси Жеймс Уотсон өз медалын 2014-жылы 4,8 миллион долларга саткан. Физика боюнча алган медалын Леон Ледерман 2015-жылы 765 миң долларга сатып, дарылануу үчүн жумшаган. Сыйлыктын лауреаттарынын үй-бүлөлөрү да медалдарды ар кандай максаттарда аукциондорго коюшкан, анда алар 395 миң доллардан 2,2 миллион долларга чейин жеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG