Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:06

Баткендеги ички көзөмөл бекеттери боюнча маселе парламентте кайрадан көтөрүлдү


Баткен. Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунда район-шаарлар ортосунда аткезчиликке каршы уюштурулган көзөмөл бекеттер маселеси Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү. Парламенттин 1-июндагы отурумунда депутат Адахан Мадумаров көйгөйдү Лейлек районунун Кулунду айылынын мисалында айтып, 24-майдан бери жер семирткич буулганын билдирди:

“Жер семирткич бүтүндөй буулуп калган. Бул посттор тойбой койду. Губернатор “Бүгүн чекит коем, бүгүн чекит коем” деп кайра-кайра жазып жатат. 24-майдан бери ушундай абал”.

Мадумаров айыл чарба, атайын кызмат, бажы мекемелеринин жетекчилерин парламентке чакырып, маселени талкуулоого чакырды.

Баткенде аткезчиликке каршы деген негизде коюлган посттор жергиликтүү дыйкандарга түйшүк жаратып жатканын буга чейин башка да депутаттар айтып чыгышкан.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн аталган бекеттер 2021-жылдын 1-октябрында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын токтому менен коюлганын билдиришкен. Жыл башынан бери 25 аткезчилик фактысы катталып, натыйжада 32 миллион сом казынага түшкөнү маалымдалган.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Мындан кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн.(RK)

XS
SM
MD
LG