Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Бейтааныш кызга кол көтөргөн киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук жайда чоочун кызга кол көтөрдү деп шектелген адам Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганын 31-майда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 28-майда милицияга 12-кичи райондо түнкү саат 3:20 чамасында бейтааныш кишинин зомбулугуна эч себепсиз кабылганын айткан кыздан арыз түшкөн.

Факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (“Ээнбаштык”) негизинде кылмыш иши козголгон. Октябрь райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү 40 жаштагы адамды кармап, камакка алышкан. Тергөө уланууда.

Окуя тууралуу кыз алгач социалдык түйүндөргө жазып, 12-кичи райондогу дүкөндөрдүн бирине банкоматтан акча алуу үчүн кирип, бейтааныш кишинин зомбулугуна кабылганын билдирген. Жарыялаган сүрөтүнөн анын бир көзүнүн тегереги көк-ала болуп, ооз жагы жарылганын көрүүгө болот.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөр катарына кирген. (RK)

XS
SM
MD
LG