Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:22

Еврошаркет орус мунайына толук эмбаргодон баш тартышы мүмкүн


Европа комиссиясы 30-майда башталып жаткан саммит алдында орус мунайына толук эмбарго киргизүүнүн ордуна альтернативдүү сунуш иштеп чыкты. Bloomberg жана Politico медиа уюмдар маалымдашкандай, документте Венгриянын каалоосу эске алынган.

Евробиримдик бир айдан бери Орусиянын Украинага басып кирүүсүнө байланыштуу Москвага каршы санкциялардын 6-пакети боюнча мунаса таба албай келүүдө. Буга негизинен Будапешттин позициясы жол бербей жатат.

Венгрия орус мунайын албаса, экономикасы катуу жабыркарын айтып, эмбаргого каршы болууда. Виктор Орбандын өкмөтү өлкөгө 2024-жылга чейин убакыт берүү шартына дагы көнгөн эмес.

Жаңы вариантка ылайык, Орусиядан куурлар менен жеткирилген мунай мурдагыдай эле калат, деңиз аркылуу алган чийки затка тыюу салуу каралууда.

Politico муну Орусияга каршы катаал чара көрүүнү жактагандардын утулушу катары сыпаттайт. Бирок жалпы пакеттин кабыл алынышы үчүн алар ушундай кадамга барууга макул болушу мүмкүн.

Эки күндүк саммитте Украинага курал-жабдуу жагынан жардам берүү маселеси да талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG