Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Пакистанда полиция менен Имран Хандын тарапташтары кагылышты


Пакистанда мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын тарапташтары менен полиция кагылышты.
Пакистанда мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын тарапташтары менен полиция кагылышты.

Пакистанда полиция менен мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын тарапташтарынын ортосунда кагылышуу болуп, тартип коргоочулар демонстранттарга жаш чыгарчу газ чачты.

Хан өз тарапташтарына парламент алдына чыгып, жаңы шайлоо жарыяланмайынча, ошол жерден кетпей турууга чакырган. Бирок азыркы премьер-министр Шахбаз Шариф демонстранттардын жолун тороп, алардын Исламабадга жана башка чоң шаарларга кирүүсүнө тыюу салды.

Жогорку сот Хандын тарапташтары атайын бул үчүн бөлүнгөн аймактарда гана митинг уюштура алышат деген бүтүм чыгарган.

Буга чейин Хандын миңдеген тарапташтары Пешавар, Карачи, Лахор шаарларында чогулушкан. Полициядан кабаралашкандай, кеминде 1700дөй киши кармалып, кийинчерээк 250сү бошотулду.

Үч жылдай бийликте отурган мурунку крикет жылдызы Имран Ханга 10-апрелде парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Ал кийинки өкмөттү тааныбай турганын билдирген.

Хан саясий кризистин тутанышын АКШдан көрүп келет. Ал муну Кытай жана Орусия менен жакындаганы үчүн Вашингтон ага каршы кутум уюштурду деп эсептейт. Бирок Хан айткан сөзүнө эч кандай далил келтире алган эмес. АКШ мындай дооматтардын баарын четке какты.

XS
SM
MD
LG