Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:44

Ысык-Көлдө жыл башынан бери 100 мыйзамсыз аңчылыктын бети ачылды


Ысык-Көл милициясы жыл башынан бери туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан экологиялык коопсуздук багытында 100 кылмыштын бети ачылганын билдирди.

Аныкталган фактылар боюнча 64 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 16 иш боюнча тергөө амалдары бүтүп, сотко өткөн. Жалпы материалдык зыян 2 млн. 970 миң 522 сомду түзгөн.

Рейд учурунда Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 27 500 метрlb 275 браконьерлик торлор тазаланып алынган. Мыйзамсыз балык уулаганы үчүн 25 браконьер кармалган. Бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу боюнча 44 факты аныкталып, анда мыйзамсыз кыйылган 1507 даана бак-дарактар жана бадалдар табылган. Кыргызстандын кызыл китебине кирген эки күрөң аюуну аткан бир киши кармалган.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы экологиялык коопсуздукту сактоону, мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болууну эскертет.

Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык тыйылмак турсун, кийинки күндөрү браконьерлер Кызыл китепке кирген жаныбарларга кол салган фактылар катталууда. (МТа)

XS
SM
MD
LG