Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

Филиппиндин президенти Путинди “балдарды өлтүрүп жатат” деп айыптады


Филиппиндин президенти Родриго Дутерте менен Орусиянын президенти Владимир Путин. 2017-жыл.
Филиппиндин президенти Родриго Дутерте менен Орусиянын президенти Владимир Путин. 2017-жыл.

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте Министрлер кабинетинин апталык телекеңешмесинде сүйлөп жатып Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинадагы согушта жайкын тургундарды өлтүрүп жатат деп айыптады. Бул тууралуу The Independent гезити жазды.

Дутерте Путиндин кол салууну “атайын аскердик операция” деп атаганына макул эмес экенин айтып, бул Орусиянын “суверендүү мамлекетке” жасаган кеңири масштабдагы согушу экенин белгиледи.

“Көпчүлүк мени жана Путинди киши өлтүргүчтөр деп атап жүрүшөт. Филиппиндиктерге мен качантан бери айтып жүрөм, ооба, мен киши өлтүрөм. Бирок мен кылмышкерлерди гана өлтүрөм, бирок мен балдарды жана карыларды өлтүрбөйм”,-деди Филлиппиндин президенти.

Дутерте соңку согуш мунайдын дүйнөлүк баасын көтөрүп жибергенин, натыйжада көп өлкөлөр, анын ичинде Филиппин да жабыркаганын кошумчалады.

Филиппиндин президенттик кызматындагы алты жылдык мөөнөтүнөн кийин Дутерте быйыл 30-июнда ишин тапшырат. Ал буга чейин Орусиянын бийлигине жана жеке Путинге чоң ыраазычылыктарын айтып келген. 2016-жылы орус президенти менен алгач жолуккан учурда Орусияны “улуу өлкө” деп атап, Батыш мамлекеттерин “үстөмдүк кылууга” жана “эки жүздүүлүккө” айыптаган.

Родриго Дутерте өз өлкөсүндө кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү радикалдуу ыкмалары менен белгилүү. Кызматка киришкен биринчи күнү эле ал филлиппиндиктерге кайрылып, баңгизат саткандарды, пайдалангандарды жана баңги бизнесине тиешеси барларды өз колу менен өлтүрө берүүгө үндөгөн.

The Independent басылмасынын маалыматтарына ылайык, баңгизатка каршы катаал күрөштүн натыйжасында кеминде 6 миңдей адам өлдү. Укук коргоо топтору Дутерте баштаган өнөктүктүн алкагында жок кылынгандардын саны мындан да көп экенин билдирип келишет. Анын ичинде жаш балдар да өлгөнү тууралуу маалыматтар бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG