Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:23

Филиппин президенти динчилдерди тилдеди


Родриго Дутерте
Родриго Дутерте

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (2-9-июль).

South China Morning Post гезити Филиппиндин президенти Родриго Дутертенин атуулдарына кайрылуусун чыгарды. Ал өлкөнүн Давао шаарында өтүп жаткан технологиялык жолугушууда "Кудайыңар кана, эгерде анын бар экенин далилдеп берсеңер, кызматыман дароо кетем", - деген.

73 жаштагы лидер өлкөдө католик чиркөөсүн сындап, попторду "келесоо" деп келекелеп келген. "Кана айткылачы, силердин кудайыңар ким? Динди таптакыр кабыл албайм. Ал акылга сыйбаган түшүнүк", - деген.

Дутертенин атаандашы сенатор Антионио Триллянес президентти "шайтан" деп атады. Өлкө башчысынын мындай билдирүүсүнөн кийин расмийлер католик чиркөөсүнүн төбөлдөрү менен аны жолуктурууну пландап жатышат.

Буга чейин Дутертенин маңзат соодагерлери деп шектелгендерди массалык өлүм жазасына тартканын католик төбөлдөрү сынга алышкан.

Анткен менен Дутерте ааламдагы миллиардаган жылдыздар менен асман телолорунун кагылышуусун болтурбай, дүйнөнү кармап турган кандайдыр бир күч бардыгын танбайт.

Депутат эшек бизнесин кайра козгоду

Парламент депутаты Тынчтык Шайназаров Оштогу эшек фермасын жабууну талап кылганын Eurasinet басылмасынын кабарчысы Крис Риклтон жазды.

"Өнүгүү Прогресс" партиясынан шайланган эл өкүлү Мады айылындагы үч миңдей эшек багып жаткан чарбадагы шартты сындаган.

- Эпидемия башталып кетиши мүмкүн. Бул ферма мыйзамга каршы курулган. Куранда эшек сойгонго болбойт, арам жандык. Кытайлар аны союуга жергиликтүү имамдардан кантип уруксат алганы кызык. Өкмөт башчысына чейин кат жолдоп, ферманы жаптырууга аракет кылам, - деген ал басма сөз жыйынында.

Кыргызстанда эшек бизнеси 2015-жылы башталган. Дал ушундай ферма анда өлкө түндүгүндө табылып, анын ээси эшек этин Гонконгдогу зоопаркка жиберерин айткан. Бирок эл арасында алар эт менен Бишкектин ашканаларын камсыз кылат деген айыңдар жайылган.

Эшектер
Эшектер

"Эшек бизнесинин айланасындагы чуу Бээжиндин таасири менен улам басылып жаткандай. Эл арасында жол куруп жаткан кытайлыктар жергиликтүү элден эшекти дүңүнөн сатып алууда деген сөздөр айтылып келет. Кандай болгон күндө да Кытайга байланыштуу эшек маселеси Кыргызстанда улам-улам көтөрүлүп жатат", - деген Риклтон.

Кытайда тигилген АКШнын туусу

​АКШ президенти Дональд Трамп "Америка биринчи" деген протекционизмин дүйнөгө жар салып жатканда дал ошол Кошмо Штаттардын улуттук символу болгон жылдыздуу байрак Кытайда тигилип жатат.

The Atlantic журналы экономикалык ааламдашуу улуттук патриотизмге да таасирин тийгизип жатканын жазды.

"Улуттук символдун дүйнөдөгү бирден бир атаандаш өлкөдө тигилип жатканы АКШнын соода согушунда Кытайдан жеңилгенин белгилейт.

2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан кийин курмандыктарды көмүү учурунда табыттарга жабылган туулардын Кытайда чыгарылганы маалым болгон. Ошондон тарта АКШ бийлиги сыртта жасалган тууну өлкө ичинде сатууга тыюу салуууну сунуш кылган. Бирок ал сунуш бойдон эле калган. Азыр кайсы гана штатта болбосун сувенирлерди саткан дүкөндөрдөн Американын өзүндө тигилген жылдыздуу желекти табуу кыйын. Алардын баарын кытайлык арзан фабрикалар чыгарып сатып келет.

Бул көрүнүш АКШнын соода тирешиндеги алсыздыгынын белгиси. Норман Роквелл жана Дэвид Хаммонстун оппозиция, биригүү, бир улут деген идеяларынан жаралган туу ар дайым АКШнын сыймыгы болуп келген. Анткен менен америкалыктар "дүкөндөрдө жайнап сатылган туунун кайдан чыгып жатканына кайдыгердей" деп баяндайт The Atlantic.

Карылар үйүнө баргысы келбеген эне уулун өлтүрдү

АКШнын Аризона штатында жашаган 92 жаштагы Анна Мая Блессингс 72 жаштагы уулун атып өлтүргөн. Бул кабар узаган жумадагы америкалык басылмаларда эң көп окулуп, талкууланды.

TIME журналы улгайган аялдын уулу аны карылар үйүнө өткөрүп берүүнү пландап жатканда энесинин колунан ажал тапканын баяндайт. Полиция барганда Анна "менин жашоомду алдың, мен да сеникин алып жатам" деп айтканын уккан. Көрсө келин-уулу жакшы карабай, кемсинтип, акыры карылар үйүнө тапшырганы жатканда ушул кадамга барган экен.

Ал уулунун 57 жаштагы аялын да өлтүргүсү келип, бирок күчү жетпей калган. Куралды болсо 1970-жылы сатып алганы маалым болду. Уулун аткандан соң Блессингс өзүн да өлтүргүсү келип, бирок келини кийлигишип, өз жанын кыюуга жетишпей калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG