Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:59

Москвада сабалган кыз, милдетин унуткан ата-эне


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвага бала багуу үчүн барып, зомбулукка кабылган кыз коопсуз жерге жайгаштырылды. Укук коргоочулар кыздын ата-энесин, жергиликтүү бийликти кайдыгерлик үчүн жоопко тартууну талап кылышууда. Учурда күч кызматтары бул иш боюнча иликтеп териштирүүнү баштады.

"Бала сенден коркуп качат деп урду"

11 жаштагы Таңсулуу Москвага таежесинин кызынын кичинекей балдарын бакканы барган. Социалдык тармактарда кызды бөлөсү көгала кылып урганы тууралуу тасма тараган. Анда кыз эжеси көп сабарын айтты:

"Баласы Элман менин жанымда ойноп, кайра качып ойнойт эле. "Сенден коркуп качып атат, жалган айтпа" деп урчу" деген жери бар.

Кыз Өзгөн районундагы Чаңгет айылынан болгондуктан, анын маселесин Москвадагы Өзгөн диаспорасынын мүчөлөрү сүйлөшүп, кыздын эжесинин үйүнө барган.

Москвадагы Кыргыз Биримдиги диаспорасынын юристи Чынгызбек Жамбиловдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, кыздын сабалганы жөнүндө маалыматты аларга кошуна жашаган кыргызстандык аял берген.

Чынгызбек Жамбилов.
Чынгызбек Жамбилов.

"Бизге маалымат 21-майда жетти. Биз чангеттиктерди таап, алар аркылуу туугандарына кабарлаштык. Биздин балдар туугандары менен чогуу кыз жашаган жерге барып, кыздын абалы менен таанышкан. Аны агаларынын үйүнө калтыралы десек, ал жакта көп адам жашайт экен. Ошондуктан, азырынча Таңсулуу Өзгөн диаспорасынын жетекчисинин үйүндө жашап жатат".

Таңсулуу 2-июнда Кыргызстанга учак менен келет. Кызды Москвадагы Өзгөн диаспорасынын башчысы Алтынбек Рахманалиев өзү коштой келип, ата-энесинин колуна тапшырууну көздөп жатканы белгилүү болду.

Иш Кыргызстандын жана Орусиянын мыйзамдарына ылайык териштирилет

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги сабалган кыздын денесинде көгала так болгонун ырастап, кыз толук медициналык кароодон өткөнүн маалымдады.

"22-майда консулдук кызматкер кыз жашаган жерге барып, анын абалы менен таанышты. Кыздын көзүндө, колунда көгала так көрүнүп турат, психологиялык жактан аябай басынган. Кызды ата-энеси былтыр октябрда Орусияга туугандарынын кичинекей балдарын карашканга жиберген экен".

Элчилик бул окуя боюнча Орусиянын жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чара көрүүнү өтүнүп, Москва облустук ички иштер башкармалыгына жана Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.

Маалыматка ылайык, Таңсулууну сабаганы айтылган 28 жаштагы Т. Э. аттуу келиндин эки кичинекей баласы бар. Биз келиндин өзү же жакындары менен байланыша албадык.

"Коомчулуктун кайдыгерлиги күнөөлүү"

Таңсулуунун маселесине Кыргызстанда да көңүл бурулууда.

"Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова кыздын мектептен кетип, окубай калганы үчүн жергиликтүү бийлик жана социалдык кызматкерлер жооптуу деп эсептейт.

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

"Таңсулуунун сабалганы тууралуу маалыматтар чыккандан кийин журналисттер, активисттер мага кайрылып, чара көрүүнү суранышты. Териштирсек кыздын апасы быйыл аны "башка мектепке окуйт" деп айтып, мектебинен чыгарып кетиптир. Мугалимдери анын кайда окуп жатканына кызыккан эмес. Алар кыздын окуп жаткан мектебинен маалымдама кагаз талап кылып, кыздын мектепке барганын же барбаганын текшерүүгө тийиш эле. Барбай жатканы аныкталса, жергиликтүү социалдык кызматтарга жана милицияга кабар бериши керек болчу. Кыздын Москвага туугандарынын балдарын бакканы үчүн кеткенин жергиликтүү социалдык кызматкерлер деле билиши керек эле. Алар да эч кандай чара көрүшкөн эмес. Учурда бул боюнча Билим берүү министрлигине жана прокуратурага кайрылып жатабыз".

Өзгөндөгү мунара. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзгөндөгү мунара. Иллюстрациялык сүрөт.


Таңсулуунун ата-энеси Өзгөн районунун Чаңгет айыл өкмөтүндөгү Допу айылында жашап турган кезде, сел келип, алардын үй-бүлөсү менен чогуу айрым үй-бүлөлөр коопсуз жакка - Төрт-Көл айыл өкмөтүнө көчүрүлгөн. Бирок ал жактагы үйү бүтө элек болгондуктан, Допуда жашоосун улантып жаткан. Бул тууралуу Чаңгет айыл өкмөтүнүн башчысы Базарали Каратаев "Азаттыкка" билдирди:

"2017-жылы көчүрүлгөн. Расмий ошол жакта катталган. Балдарына жөлөк пулду да Төрт-Көл айыл өкмөтүнөн алат. Чарбасы бул жакта болгондуктан, келип кетип жашап аткан".

Айыл өкмөт башчысынын сөзүнө караганда, Таңсулуу алты бир туугандын экинчиси, анын бир акеси жана төрт бөбөгү бар.

"Кыз окуудан чыгып кеткен"

Таңсулуу Чаңгеттеги Ильяз Жумабаев атындагы орто мектепте 4-класста окуп жатып, 2021-жылы 30-октябрдан кийин мектепке келген эмес. Класс жетекчиси Айгүл Мундузбаеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, кыз быйыл бир гана чейрек окуган.

"Биринчи чейректи окуган. Андан кийин келбей калган. 10-декабрда апасы "Таңсулуу Өзгөн районундагы Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү №18 мектепте окуп жатат" деген маалымдама кагаз алып келип, арызын жазып, башка документтерин да алып кеткен. Бизден ошол мектепке чыгыш болгон".

Класс жетекчисинин айтуусунда Таңсулуу 3-класска чейин түрдүү мектептерде окуган. Ушундан улам кыздын мектептен кеткенинен мугалим шек санаган эмес.

"1-классында чоң энесинин үйүндө башка мектепте окуган. 2-классында Жалал-Абад облусунда таежесинин үйүндө жашап, Сузакта окуган. Биздин мектепке 2021-жылы январда келген. Ошону менен кайра былтыр кеткен. Бизде антип келип кеткен окуучулар көп, ата-энелери арыз жазып, алып кетишет. Бирок буга чейин мындай окуя катталган эмес, Таңсулууну ата-энеси Москвага жибергенин билген эмеспиз".

11 жаштагы кыздын эмгек миграциясына жиберилип, ал жактан сабалганына байланыштуу ишти учурда прокуратура жана ички иштер органдары иликтеп жатканы кабарланды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча учурда бул окуя Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүндө бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү иштери башталды.

Жеңишбек Аширбаев.
Жеңишбек Аширбаев.

"Кыздын эмне себептен, кандайча Москвага эмгек миграциясына кеткени, окубай калганы, баары ушул иштин алкагында териштирилет. Бул ишке жооптуу мугалимдер, социалдык кызматкерлер, жергиликтүү бийлик, милициянын жашы жете электер менен иштөө кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралат. Мындан тышкары ушул иштин алкагында кызды сабаганы айтылып жаткан таежесинин да аракетине баа берилет".

Бели ката элек миграция. Айганыштын өлүмү.

Орусиядагы туугандарынын же тааныштарынын колунда Таңсулуу сыяктуу иштеп жүргөн бели ката элек өспүрүмдөр жүздөп саналат. Алардын так саны белгисиз.

2018-жылы "Пикир изилдөө" борбору "Миграциянын назик күчү" деп аталган долбоордун алкагында 12-13 жаштагы өспүрүм кыздар ички, сырткы миграцияга жиберилип, билим алуу укугу тебеленип жатканын аныктаган. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, эмгек миграциясына эркектерге караганда өспүрүм курактагы кыздар көп кетет.

Иликтөө ошондой эле эмгек миграциясына кабылган өспүрүмдөрдүн 30% сексуалдык, 60% психологиялык басымга кабыларын да аныктаган.

Бала караганы барган Айганыш Канат кызынын сөөгү төрт айдан кийин табылган. Екатеринбург, Орусия. 2016-жыл.
Бала караганы барган Айганыш Канат кызынын сөөгү төрт айдан кийин табылган. Екатеринбург, Орусия. 2016-жыл.

2016-жылы январда Орусиянын Екатеринбург шаарында кошунасынын баласын карап жүргөн 14 жаштагы Айганыш Канатбек кызы зомбулукка чыдабай, үйдөн качып чыгып, дайынсыз жоголгон. Төрт айдан кийин кыздын сөөгү табылган. Кийинчерээк "Азаттык" кыз Кыргызстанда да үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгону, Екатеринбургда бала багып тапкан акчаны апасы насыянын үстөк пайызын төлөөгө жумшап жүргөнүн аныктаган.


Учурда Кыргызстандан чет өлкөгө иштегени кеткен жашы жете элек балдардын так саны белгисиз. Ал эми расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта ички миграциядан улам мектепке барбай, базарда, талаада иштеген балдардын саны 50 миңге чамалуу. Алардын дээрлик бардыгында билим алууга мүмкүнчүлүк жок.

Жашы жете элек өспүрүмдөр Орусияга эмгек мигранты катары көбүнчө туугандары же тааныштары аркылуу кетет. Алар негизинен ошол эле туугандарынын кичинекей балдарын караганы, үй-жайын тазалаганы, курулуш же талаа иштерине жардам бергени барат. Анткени жашы жете элек балдарды башка иштерге албайт, ал эми тууган-уругуна жардам берип иштегени үчүн алардын айлык акысы көбүнчө айылда калган ата-энесине жиберилет. Мындай тууган-уругу же тааныштары аркылуу сыртка иштегени кеткен балдардын дээрлик бардыгы билим албайт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG