Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Аба ырайы: Жаан жаайт


Кыргызгидромет 22-23-май күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы туруксуз болорун эскертет. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу, шамал менен коштолот. Мындай аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

23-майда Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында жамгыр жаайт. Айрым аймактарда катуу жаан-чачын болот. Бийик тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,

Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Нарын облусунун дыйканчылык зоналарында түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-2, күндүз -1...+4°.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 19…21 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG