Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:20

Бостеринин тургундары заманбап оорукана маселеси боюнча президентке кайрылышты


Жыйындын катышуучулары. Бостри айылы.
Жыйындын катышуучулары. Бостри айылы.

Ысык-Көлдө жайкысын туристтер эң көп каттаган Бостери айылына заманбап оорукана куруу маселеси боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдонгонун “Азаттык” радиосуна 15-майда жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге жыйын өткөрүп, 500 орундуу көп профилдүү оорукана куруу үчүн түркиялык “Ronesans Healthare” компаниясына жер бөлүп берүүгө жана кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Кайрылууда Бостериде 54 санаторий, пансионат, эс алуу борбору жана конок үйү бар экени, жыл сайын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн эс алуучулар келип турары, медициналык туризмди өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк ачыларын белгилеп, жергиликтүү тургундарды сапаттуу медициналык тейлөө шарты түзүлбөгөндүктөн алар Бишкекке катоого аргасыз экени айтылды.

Заманбап медициналык жай куруу үчүн инвестор издеп, Бишкекте бир катар жолугушууларды уюштуруп жатышканын “Азаттык” радиосуна быйыл 15-февралда Бостери айыл аймагынын башчысы Курманбек Сопуев билдирген. Жергиликтүү депутаттардын, адистердин өкүлдөрүнөн турган топ өлкө жетекчилигине, тийиштүү мекемелерге кат жазып кайрылып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартта инвестор табууга жардам сурашкан.

Кыргызстанда медициналык мекемелердин көбү Совет мезгилинде курулгандыктан эскилиги жетип турат. Мамлекеттик ооруканаларда иштөөнү каалаган дарыгерлер да жетишсиз. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG