Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:49

Нью-Йорктогу кол салуудан 10 адам каза болду


Ишемби күнү Нью-Йорктун Буффало шаарындагы супермаркетте 10 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуу расалык зомбулук катары иликтенип жатат.

Полициянын маалыматына караганда, 18 жаштагы Пэйтон Жендрон жарым автомат мылтык менен аткан. Ал кол салуусун Twich стриминг сервисинде түз эфирде көрсөткөн. Каза болгон 10 кишиден тышкары үч адам жаракат алган. Жабыркагандардын басымдуу көпчүлүгү кара түстөгүлөр.

Ок чыгарган адам кармалып, ага киши өлтүрүү боюнча айып коюлду.

Ал кол салуудан бир аз мурда жек көрүү идеяларын билдирген "манифест" жарыялаган. Полиция жана ФБР ал атайылап кара түстүү адамдарды өлтүрүү үчүн негизинен афроамерикалыктар жашаган Буффало аймагындагы супермаркетке барган деп эсептейт.

Жендрон мылтыкка 77 адамды өлтүргөн норвегиялык неонацист Андрес Брейвик менен Жаңы Зеландиянын Крайстчөрч шаарындагы мечиттерге ок чыгарган Брентон Тарранттын ысымдарын жазган. Бул кол салуулардан 51 киши мерт болуп, 40ка жакыны жаракат алган. Көбү мусулмандар болгон. Кол салгандардын экөө тең өмүр бою эркинен ажыратылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG