Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:52

Кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу боюнча келишим түзүлөт


Германия.
Германия.

Кыргызстандык жарандарды "Сестринское дело" программасынын алкаганда кызматка орноштурууга багытталган келишимге кол коюлат.

Келишим 16-майда Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору менен Германиянын EDUVISO компаниясынын ортосунда түзүлөт. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты. Программага ылайык, жарандар медициналык багыт боюнча билим алып, андан ары Германияга жумушка орношконго мүмкүнчүлүк алышат.

Буга чейин кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу боюнча эки өлкөнүн ортосунда меморандум түзүү пландалып жатканы айтылган. Маселе 12-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин Нюрнберг шаарында бул өлкөнүн Жумуш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин эл аралык департаментинин башчысы Маркус Бирхер менен жолугушуусунда талкууланган.

Өмүрбек Текебаев ушул тапта кыргызстандыктарды Германияга жумушка тартуу менен 12ге жакын жеке компаниялар иштеп жатканын айтып, кыргыз жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча эки тараптуу келишим түзүүнү сунуштаган.

Маркус Бирхер Германиянын эмгек рыногунда эң көп талап кылынган тармактар туризм, мейманканада иштөө, логистика, кол өнөрчүлүк, курулуш экенин билдирген. Ал жумушка кириш үчүн немис тили, кесиптик диплом талап кылынарын кошумчалаган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 118 жеке агенттик бар. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин кабарлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG