Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:14

Еврокомиссия Украинанын буудайын экспорттоого жардам бермей болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа комиссиясы Украинанын миллиондогон тонна буудайын сыртка сатууга жардам берерин 12-майдагы отурумунда билдирди. Орусия флоту украиналык порттордун жолун бууп койгондуктан Украина өндүргөн буудайын экспорттоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Буудай боюнча эл аралык кеңештин маалыматына караганда, 2020-2021-жылдары Украина буудайды экспорттоочу өлкөлөрдүн катарында төртүнчү орунда болчу. Бул жылы өлкө 44,7 миллион тонна экспорттогон, анын көбү Кытайга, Африка жана Европа өлкөлөрүнө сатылган. Мындан тышкары Украина өсүмдүк майын өндүрүүчү өкөлөр арасында дүйнөлүк лидер.

Өндүргөн продукциясынын 90% Украина согуш башталганга чейинки убактарда Кара деңиз аркылуу жөнөтүп турчу. Азыр бул жол жабык турат. Мындай жагдай көптөгөн өлкөлөрдө азык-түлүк кризисин жаратышы ыктымал болууда.

Еврокомиссия келерки үч ай ичинде Украинадан 20 миллион тонна буудайды алып чыгарын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG