Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

Министр ЖК депутаты жардамчысын директор кылып дайындоону суранганын билдирди


Кундузбек Сулайманов.
Кундузбек Сулайманов.

Жогорку Кеңештин депутаты жардамчысын директор кылып дайындоону суранып министрге кайрылганы бүгүн 10-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ага мындай өтүнүч менен депутат Кундузбек Сулайманов кайрылганын айтып чыкканын бир катар маалымат агенттиктери жазышты. Алар билдиргендей, депутат иштей албаган министрди беш күн да кармоонун кереги жоктугун айткан.

Министр ага жооп берип, кемчиликтер бар экенин, аларды жоюу аракети көрүлүп жатканын, депутат жеке жардамчысын Токтогулдагы №39 кесиптик лицейге директор кылып дайындоону өтүнгөнүн, бул суранычын аткаруудан баш тартып койгондон улам анын сынына кабылып жатканын билдирди. Бейшеналиев Сулаймановдун жардамчысы квалификациялык талаптарга жооп бербеген айым болгондуктан аны дайындоо мүмкүн эместигин айтты.

Депутат министрдин ишин окуу жайдын көйгөйлөрүн жеринен барып көрүп келгенден кийин сындап жатканын, жардамчысын элдин пикирин эске алуу менен сунуш кылганын, башка кызыкчылыгы болбогонун, жардам бергиси гана келгенин, жаман ою жоктугун билдирди.

Бүгүн парламенттин профилдик комитетинде “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG