Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

Алайдагы сел эки кыштакты байланыштырган көпүрөнү алып кетти


Иллюстрация.
Иллюстрация.

3-май күнү түштөн кийин Ош облусунун Алай районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыска мөөнөттүү жаандан кийин кокту-колоттон келген суулар Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарындагы үйлөрдүн короолоруна киргенин билдирди. Тургундар жабыркаган эмес.

Гүлчө менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү сел алып кеткен.

Жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери иштеп жатышат.

Кыргызгидромет борбору ушул күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучун эскерткен. (SE)

XS
SM
MD
LG