Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:15

БУУ: Согуш башталгандан бери Украинадан 5,5 млн. адам чыгып кетти


Украинаны таштап чыгып кетип жаткан жарандар. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинаны таштап чыгып кетип жаткан жарандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия кол салган эки айдан ашык убакыттан бери 5,5 млн. адам Украинанын аймагын таштап чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча агенттиги кабарлады.

Алардын көбү – дээрлик 3 миллионго жакын киши Польшага өткөн. 825 миңи Румынияга, 681 миңи Орусияга, 530 миңи Венгрияга, 447 миңи Молдовага, 379 миңи Словакияга жана 25 миңи Беларуска келишти.

Качкындар иши боюнча агенттик Шенген аймагынын ичинде жарандар ээн-эркин каттап жатканын, бул аймактын ичинде Венгриянын, Польшанын жана Словакиянын чек арасынан өткөндөр гана расмий эсептелип жатканын билдирди. Бул өлкөлөр Украина менен чектешет. Аларга кирген украиналыктардын бир бөлүгү андан ары башка мамлекеттерге өтүп кетишкен.

Украинанын Мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын башында өлкөнүн калкы 41 миллиондон ашкан.

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссарынын башкармалыгы Орусия кол салгандан бери Украинада 2889 адам өлгөнүн, 3235 адам жараат алганын билдирүүдө. Украинанын расмий бийлиги курмандыктар мындан бир нече эсе көп экенин маалымдап келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG