Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:02

Орусияда кыргызстандык келин шылуундар торуна түшүп, уурулукка шек саналууда


Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Новосибирск шаарында 45 жаштагы кыргызстандык Айнагүл Борбиева 7 млн. рублди уурдап алган деп шек саналууда. Ал 2021-жылдын ноябрь айынан бери убактылуу тергөө абагында жатат. Адвокаты Абдулазиз Бадалбаев "Азаттыкка" билдиргендей, кыргызстандык келин шылуундардын торуна илинип калган.

"Ал келин эртең менен жумушка кетип жатканда сумканы таап алган. Сумканы атайын камеранын жанына таштап коюшкан экен. Сумка бош болгон, ичинде эч кандай акча болгон эмес. Кийин көзмө-көз жолукканда (акчаны жоготту делген тарап менен - ред.) акчаны кайда сактаганын сурагам. Ал 7 млн. рублди керебеттин түбүндө сактаганын айтты. Акча тууралуу эч кимдин, анын аялынын дагы маалыматы жок экенин, көрбөгөнүн айтты. Ал ишкер деле эмес, алдамчы экен. Акчаны жоготкон адам 300-500 миң рубль айлык ала турганын айтып жатат. Салык кызматы аркылуу текшертсек, эч кандай салык төлөбөптүр. Ал эч жерде иштебеген жумушсуз экен. Өзү брокер (ортомчу) экенин айтууда. Эки жыл мурда насыя алып, акчаны керебеттин түбүндө сактаганын айтып жатат".

Адвокаттын айтымында, тергөө иштери бүтүп, биринчи соттук отурум 5-майга белгиленген. Кыргызстандык келинди үй камагына чыгарууга көмөктөшүү боюнча буга чейин алар Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине, консулдукка дагы кайрылышкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуя боюнча комментарий бере элек.

"Комсомольская правда" басылмасы кыргызстандык келин ишкердин 7 млн. рублин таап алгандан кийин абакка түшкөнүн жазган.

Ушул тапта ар кандай берене менен Орусиянын абактарында 985 кыргызстандык кылмыш жоокерчилигине тартылып, жазасын мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 30% маңзат ташууга байланыштуу.

Кыргызстандын миллионго чукул жараны чет жактарда эмгек мигранты болуп жүрөт. Көбү Орусияда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG