Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:50

Бундестаг Украинага оор аскердик техника жөнөтүүнү колдоду


Германия.
Германия.

Германия парламентинин төмөнкү палатасы Украинага оор аскердик техника жөнөтүүнү колдоду.

Бундестагдын депутаттары жардам уланууга жана мүмкүн болгон жерлерде күчөтүлүүгө тийиш деп чечишти.

DW кабарлагандай, адатта өлкө куралдуу жаңжалдар аймагына курал жиберүүгө каршы болот. Бирок бул ирет тарыхый чечим кабыл алышты.

“Солчул партиянын” өкүлдөрү курал берүү согушту күчөтөт деп каршы чыгышты. “Германия үчүн альтернатива” оңчулдар партиясы мындай чечим “согуш жарыялоого жакын” деп макул болгон жок.

Канцлер Олаф Шольц оор техника менен камсыздоону Орусия НАТОнун урушка аралашуусу катары бааларын айтып, бир нече күн мурун кооптонуусун билдирген. Бейшембиде өкмөт башчы Жапонияга кеткендиктен, добуш берүүгө катышкан жок. Бул үчүн аны бир катар депутаттар сындады.

АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак менен жардам берип келатат.

XS
SM
MD
LG