Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

SpaceX астронавттардын төртүнчү тобун космоско учурду


"Фалькон-9" ракетасы.
"Фалькон-9" ракетасы.

SpaceX компаниясынын "Фалькон-9" ракетасы Эл аралык космостук станциясына миссия менен бараткан экипажды орбитага алып чыкты. АКШнын Флорида штатындагы Канаверал космодромунда ишке ашкан учуруу процессин НАСАнын расмий каналы түз эфирде көрсөтүп турду.

Freedom (“Эркиндик”) деген аталыш алган кеменин экипажына НАСАнын астронавттары Челл Линдгрен, Роберт Хайнс, Жессика Уоткинс жана Европа космостук агенттигинин өкүлү, италиялык Саманта Кристофоретти кирди. Алар орбитада алты айга чейин жүрүшөт.

Миссияда колдонулган “Крю Дрэгон” кемеси биринчи жолу орбитага жөнөтүлдү. Аны алгач 23-апрелде чыгаруу пландалган эле, кийин НАСА учуруу мөөнөтүн артка жылдырган.

Кармалуунун себеби Axiom Space компаниясынын коммерциялык миссия менен чыккан экипажынын кайтуунун кечеңдеши болду. Аба ырайынын бузулушуна байланыштуу алар кечигип, 25-апрелде гана конгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG