Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:57

Мамлекеттик мүлктү менчикке берүү жагдайын депутаттык комиссия иликтейт


"Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасы былтыр эки миллиард сом киреше берген.
"Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасы былтыр эки миллиард сом киреше берген.

Жогорку Кеңеште 27-апрелде "Элдик" депутаттар тобунун сунушу менен мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорду жана улутташтырылган объектилерди башкаруунун натыйжалуулугун иликтеген убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Ушул айдын ортосунда "Элдик" депутаттар тобу бул маселени караган жана анда жыл ичинде бир дагы мамлекеттик мүлк менчиктештирилбегени белгилүү болгон.

Анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мындай ишканалар былтыр жалпысынан 11,097 миллиард сом киреше тапканын билдирген. Анын басымдуу бөлүгүн "Манас" эл аралык аэропорту (4 млрд), "Кыргызалтын" (2,7 млрд), "Кыргызнефтегаз" (2 млрд) жана "Альфателеком" (1,5 млрд) берген.

Былтыр май айында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну сунуштаган жана менчиктештирүү жараянын бир жылдын ичинде аягына чыгарууну тапшырган.

"Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм”,-деген Жапаров.

Мамлекеттин менчигиндеги мүлктү сатуу, ижарага берүү, конфискацияланган объектилердин базасында бюджетке киреше алып келүү милдетин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аткарат. (EBM)

XS
SM
MD
LG