Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Лавров өзөктүк согуш коркунучу реалдуу экенин эскертти


 Сергей Лавров. Москва. 24-март, 2022-жыл
Сергей Лавров. Москва. 24-март, 2022-жыл

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өзөктүк согуш коркунучу азыр реалдуу экенин, аны көңүл сыртында калтырбоо керектигин билдирди. Жергиликтүү мамлекеттик Биринчи канал менен маекте министр Москва өзөктүк согушка жеткирбеш керек деген позицияны карманарын белгиледи.

Лавров Украинадагы кырдаал Үчүнчү дүйнөлүк согушка жетпейт деп ишенерин айтып, НАТО Киевге курал-жарак жөнөтүү менен Орусияга каршы прокси-согуш жүргүзгөнүн билдирди. Башкы дипломат тынчтык келишимине жетүү жериндеги аскердик абалга байланыштуу болорун белгиледи.

Министр Батышты "эки тараптын мунаса табуусуна тоскоол болуп жатат" деп айыптады.

Орусия Украинага кол салгандан бери эки ай өтсө да сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Өткөн жумада Москва Киевге тынчтык келишиминин вариантын жөнөткөнү кабарланган. Бирок анын чоо-жайы ачыкка чыккан эмес. Украина өз вариантын 29-мартта эки тараптын Стамбулдагы жолугушуусунда берген. Ага ылайык, Украина НАТОго кирүүдөн баш тартат, өзөктүк курал менен алектенүүдөн карманат.

Украин президенти Зеленский ишемби күнү журналисттердин суроолоруна жооп берип, эгер Орусия Мариуполдогу украин элин жок кыла турган болсо жана "псевдо-республикаларда" "псевдо-референдумдарды" өткөрө турган болсо, анда Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетерин эскерткен.

Буга чейин украин бийлиги орус күчтөрү Херсон облусунунун Украинадан бөлүнүшү тууралуу референдум өткөрүүнү көздөп жатканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG