Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:24

Бишкекте милиция автоунаага тартылган "Z" белгисин өчүрттү


Милициянын кайгуул кызматына тиешелүү автоунаа.
Милициянын кайгуул кызматына тиешелүү автоунаа.

Бишкекте автоунаасына Z тамгасын жазып алган айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу 24-апрелде шаардык милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу Twitter баракчасына жазды.

“Бул авто унаанын айдоочусу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Албетте, биздин аткарып жаткан кызматыбыз мамлекеттин кандайдыр бир позициясын билдирбейт. Биз болгону мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды кана аткаруудабыз. Андыктан кээ бир айдоочуларды чектен чыкпоого чакырабыз”,-деп жазган милиция өкүлү.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Z тамгасы өчүрүлгөндөн кийин автоунаа ээси кое берилген.

Ал эми №148 маршруттун сыртына Орусия армиясынын катарына келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакырган жарнама алынып, айдоочуга түшүндүрүү иштери жүрдү. Коомдук транспорттун айдоочусу өзү унааны бир ай мурда Орусиядан сатып алганын, унаанын сыртында чапталган жарнама эски экенин айткан.

"Укук бузуулар жөнүндө" кодексте машинага жол эрежелерине тийиштүү болбогон сүрөт же жазууларды чаптоо мыйзам бузуу деп эсептелет.

21-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жарандарды 9-май - Жеңиш күнүндө "Z" белгиси бар аскердик кийимдерди кийбөөгө чакырган. Милиция автоунаасына "Z" белгисин тартып алган айдоочуларга айыппул салууда.

Бул тамга Украинага басып кирген орусиялык техникаларга тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат.

Украинада эки айдан бери уланып жаткан согушта миңдеген адам каза болуп, миллиондогон эл бозгунга айланды. (KS)

XS
SM
MD
LG