Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:52

Кыргызстандык православдар Пасха майрамын белгилешүүдө


Архив. Бишкектеги чиркөөдө тартылган сүрөт. 2017-жыл.
Архив. Бишкектеги чиркөөдө тартылган сүрөт. 2017-жыл.

Кыргызстандык православдар бүгүн апрель айынын акыркы жекшембисине туура келген Пасханы белгилешүүдө. Бир күн мурун христиан коомчулугу ыйык ишемби күнүн тоскон.

Президент Садыр Жапаров православдарды Пасха майрамы менен куттуктап, . өлкөнүн көп улуттуу жана көп конфессиялуу элине биримдик, өз ара түшүнүшүү, урмат-сый каалай турганын айтты.

Кыргызстанда миңдеген православ динин тутунгандар жашайт жана 40тан ашык чиркөө бар.

Алгачкы православдык чиркөө коому 1860-1870-жылдардын аралыгында Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө негизделген. Башында сыйынуулар жана диний жөрөлгөлөр жөнөкөй үйлөрдө жүргүзүлүп турган. 1880-жылдан баштап алгачкы православдык храмдар менен чиркөөлөр курула баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG