Быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталды.
Бул тууралуу 19-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.
Анын айтымында, бул кырсыктардан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алды.
Былтыркы жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 1572 жол кырсыгы катталып, 134 адам каза болгон, 2345 адам жараат алган. (RK)