Нью-Йорк полициясы 12-апрелде шаар метросунда ок атууга шектелген кишини кармаганын маалымдады. Шектүү 62 жаштагы Фрэнк Жэймс экени, буга чейин ага издөө жарыяланганы айтылды.
Метродогу кол салуу учурунда ал уулуу газдан коргоочу беткап тагынып жүргөн. Ал түтүн чыгарган шашканы күйгүзүп, жүргүнчүлөргө толгон вагонго туш келди ок аткан.
Полиция шектүү жалпысынан 33 жолу ок чыгарганын маалымдады. Анын кесепетинен он киши жарадар болсо, дагы 19 киши тебелендиде калып жабыркады.
Метродогу кылмышка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Полиция терактты жокко чыгарбаганы менен, кылмышты башка берене менен карап жатат. (AA)