Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:03

Орусия Мариуполдо химиялык курал колдонушу мүмкүн деген маалымат текшерилүүдө


Мариуполь шаарынын азыркы көрүнүшү. 3-апрель, 2022-жыл.
Мариуполь шаарынын азыркы көрүнүшү. 3-апрель, 2022-жыл.

Орусия Мариуполдо химиялык курал колдонгон болушу мүмкүн делген маалыматтарды текшерип жатканын расмий Киев билдирди.

Москва бардык айыптарды четке какты.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдиргендей, учурда Мариуполдогу учкучсуз аппараттын чабуулунан кийин адамдар дем ала албай, неврологиялык жактан жабыркап жатканы тууралуу кабарлар текшерилип жатат.

«Бул фосфордук курал болушу мүмкүн деген версия бар», - деди Маляр 12-апрелде.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия химиялык курал колдонушу мүмкүн деген кооптонуу бар экенин билдирген.

«Интерфакс» агенттиги 12-апрелде аймактагы орусиячыл күчтөр да химиялык курал колдонуу тууралуу маалыматтарды четке кагып жатканын жазды.

Британиянын коргоо министринин орун басары Жеймс Хиппи 12-апрелде Sky News телеканалы менен болгон маегинде Лондон да маалыматтарды текшерип жатканын айтты.

Пентагондун өкүлү Жон Кирби Украинада химиялык курал колдонулушу мүмкүн деген маалыматтар Вашингтондо болгонун, бирок ал канчалык ишке ашканын ырастай албастыгын жарыялады.

Орус армиясы Мариуполго бир нече аптадан бери чабуул коюп, курчоого алган. Калаадагы он миңдеген карапайым тургундар гуманитардык кризиске кептелди.

Азов деңизинин боюнда жайгашкан стратегиялык жактан маанилүү порт шаарды алуу Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакты Крым менен түз байланыштырууга жол ачат.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG