Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:03

Нехаммер Орусия президенти менен сүйлөшүү катаал болгонун билдирди


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Австриянын канцлери Карл Нехаммер.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Австриянын канцлери Карл Нехаммер.

Австриянын канцлери Карл Нехаммер Орусиянын президенти Владимир Путин менен "ачык, түз жана катаал" сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди.

Нехаммердин кеңсеси тараткан билдирүүгө ылайык, 11-апрелде Москвада өткөн жолугушуу бир сааттан ашык убакытка созулган.

"Мен Бучадагы жана башка аймактардагы согуш кылмыштарын сөз кылып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылыш керек экенин айттым",-деп жазылат канцлердин билдирүүсүндө.

Көп сандагы далилдерге карабастан Орусия аскерлери Украинадагы жайкын тургундарга каршы кылмыштарга барганын мойнуна албай келет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бучадагы окуяларды геноцидге теңеген. Ал жактан орус аскерлери чыгып кеткенден кийин журналисттер көчөлөрдө калган ондогон адамдардын сөөктөрүн тартып көрсөтүшкөн. Буга байланыштуу Батыш Орусияга каршы санкцияларды катаалдаштырган.

Ошондой эле канцлердин билдирүүсүндө, Путинге Украинада жоготуулар көбөйгөн сайын санкциялар катаалдаша берерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG