Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

ЕККУ Ички иштер министрлигине кызматтык унааларды тапшырды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тарткан сүрөт. 6-апрель, 2022-жыл
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тарткан сүрөт. 6-апрель, 2022-жыл

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсеси Ички иштер министрлигине жаңы унааларды тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

"Жети унаа милициянын көчмө кабылдамаларына, экөө туристтик-экологиялык полицияга бөлүнгөн. Атайын унаалар борбор калаанын Ленин, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмдөрүнө, Сокулук, Нарын, Лейлек, Сузак жана Алай райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнө тапшырылат", - деп айтылат маалыматта.

Соңку он жылда ЕККУ Ички иштер министрлигине милициянын 39 көчмө кабылдамасын алып берген.

XS
SM
MD
LG