Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Балыкчы-Кара-Кече темир жолу курула баштады


Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды. 31-мартта президент Садыр Жапаров “башталган иш аягына чыгарына” убада берди. Кыргызстан 183 чакырымга созулган темир жолду өз күчү менен курууга белсенүүдө. Өкмөттүн планына ылайык, 2030-жылга чейин Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин темир жол курулушу керек.

Балыкчы менен Кара-Кече көмүр кенин байланыштырган темир жолдун курулушу 31-мартта расмий түрдө башталды. Ага президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты.

Жапаров бул жолду куруу элдин талабы жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө маанилүү өбөлгө болорун белгилеп, Кыргызстан аны өз каражатына бүтүрө турганын билдирди.

"Иштин башталышы анын жарымынын бүтүшүнө тете» дегендей, аталган темир жол долбоорунун Балыкчы-Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз", - деди Жапаров.

Темир жолдун курулушун "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы ишке ашырат. Алгач 63 чакырымга созулган Балыкчыдан Кочкорго чейинки бөлүгү курулуп, андан аны Кара-Кечеге чейин жеткирүү пландалууда.

Расмий бийликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин темир жолдун 500 метрине рельстөшөлдү. 31-мартта дал ушул бөлүктө өзү жүрүүчү вагон жол жүрүп, ага Садыр Жапаров түшүп сынап көрдү. Быйыл жыл аягына чейин беш чакырымга чейин темир жолду куруу пландалып жатат. Бул үчүн керектүү материалдар сатып алынган.

Өкмөт 2030-жылга чейин 183 чакырымга созулган Балыкчыдан Кара-Кечеге чейинки темир жолду толук салып бүтөрүнө сөз берди.

Садыр Жапаров өзү жүрүүчү вагондо
Садыр Жапаров өзү жүрүүчү вагондо

Темир жолду курууга даярдык башталганы өткөн аптада жарыяланган. Анда президент Жапаров "30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 чакырым жолубузду жоготуптурбуз. Албетте, өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадга жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз"-деп Фейсбуктагы баракчасына жазган эле.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы азыркы тапта долбоордун биринчи этабы саналган “Балыкчы-Кочкор” бөлүгүнүн курулушун баштоо үчүн маршруттун баштапкы тилкесинде жер казылып, шагыл төгүлүп, темир, бетон төшөлүп жатканынын кабарлаган.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жол чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары Чыныбек Турдиев өткөн аптада курулушту баштоо үчүн бардык даярдыктар жүрүп жатканын билдирген.

"Темир жолго керектөөчү темир-бетон шпалдары Бишкекте өндүрүлөт. Фосло тетиктерин Германиядан алып келгенбиз. Рельстерди Орусиядан ташып келип жатабыз".

Темир жолдун баасы канча турат?

Өкмөт бул долбоордун баасы канча экенин жана ал кайсы булактардан каржыларын азырынча ачык айта элек.

Бирок кыргыз өкмөтү Балыкчы-Кара-Кече темир жолун "Кыргыз темир жолу" ишканасынын тапкан пайдасынын эсебинен курууну мерчемдеп келген. Бул максатта февраль айында атайын токтом чыгарып, мамлекеттик ишкана тапкан пайданын тең жарымын дал ушул долбоорго жумшоону көздөгөн.

Былтыр президент Садыр Жапаров "Кыргыз темир жолу" ишканасы 1 миллиард 600 миллион сом таза киреше тапканын жарыялаган. Эгерде өкмөттүн токтомун эске алсак, быйыл Балыкчы-Кара-Кече жолуна 800 миллион сом же азыркы курс менен эсептегенде 10 миллион долларга жакын каражат жумшалышы мүмкүн.

2015-жылы Балыкчы-Кара-Кече темир жолунун техника-экономикалык негиздемесин жаңырткан Казакстандын "Транспроект-К" ишканасы долбоордун бир чакырымынын баасын 5,2 миллион доллар деп баалаган. Ал эми жалпы баасы 967 миллион долларга жетиши мүмкүн.

Ал эми 2019-жылы орусиялык "Экономика жана транспортту өнүктүрүү институту" аталган мекеме темир жолдун 1 чакырымы 5,3 миллион доллар болот деп эсептеп берген. Былтыр жыл башында болсо "Кыргыз темир жолу" Кытайдын China Railway ишканасы менен сөз болуп жаткан темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү расмий кабарланган.

Бир нече жыл темир жол тармагында иштеген, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Эрнис Докенов азыркы тапта темир жолдун курулушунун баасы боюнча бир нече эсеп-кысып жүргүзүлгөнүн билдирди:

"Бир топ эле каражат кетет. Буга чейин бул долбоордун ар бир чакырым 4,5 миллион доллар деп эсептелгени тууралуу маалымат чыккан. Бул боюнча сүйлөшүүлөр Сооронбай Жээнбеков бийликте турган учурда да жүргүзүлүп, ушул маалыматтар чыккан. Азыр болсо "Кыргыз темир жолунун" өз каражатына деген маалыматтар чыгып атат".

Темир жолду куруунун баасын эске алганда, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын каражаты менен бул курулуш узак жылдарга созулушу мүмкүн. Бирок, президенттин "эки-үч жыл аралыгында темир жолду куруп бүтөбүз" деген сөзүн эске алганда кошумча каржы булактары табылышы да ыктымал.

Ошентсе да, баасы дээрлик 1 миллиард долларды түзгөн долбоорду ички каражат менен ишке ашыруу абдан оор экенин айткандар болууда. Бул каражат өлкө бюджетинин төрттөн бирин түзөт.

Андыктан учурда бийлик ишке ашырууга белсенип жаткан темир жол буга чейин убада кылынган көп долбоордун бири болбойбу деген кооптонуу арбын.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Кара-Кече кенинде кезек күткөн автоунаалар. 19-ноябрь, 2021-жыл.
Кара-Кече кенинде кезек күткөн автоунаалар. 19-ноябрь, 2021-жыл.

Балыкчы- Кочкор-Кара-Кече темир жолу курулуп бүтсө, өлкөдөгү эң ири көмүр кенинен "кара алтынды" түндүк аймактарга ташуу кыйла жеңилдейт. Бул кенде 312 миллион тоннадан ашык көмүр кору бар. Жыл сайын кара жол менен көмүр ташуу кыйла түйшүк жаратып келген.

Буга кошумча Нарын облусунун аймагы темир жол менен туташтырылат.

Кыргыз бийлиги өлкө эгемен тарыхында алгач жолу темир жолдун курулушу башталды деп жарыялаганына карабай Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруу боюнча демилгеси Кыргызстан көз карандысыздык алгандан тарта эле көтөрүлүп келет. 2

000-жылдардын башында бул долбоорду куруу боюнча марафон өтүп, жалпы элден каражат чогултулган. Андан бери ар келген бийлик темир жолду куруу боюнча демилге көтөрүп, бирок ал ишке ашкан эмес.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG