Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:12

УКМК жихадчыл агымдын өкүлдөрү кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) адам уурдап андан ири өлчөмдөгү акча каражатын опузалап талап кылган жихадчыл идеологиянын кармануучуларын кармаганын билдирди.

Маалыматта 19-мартта салттуу эмес “Салафия” диний агымынын өкүлдөрү аталган, "Абдурахим", "Мура", "Хамза" жана "Алина" аттуу диний каймана аттары менен белгилүү жихаддык идеологияны карманган жарандар жана эки белгисиз адам 4 миң долларын алуу максатында 1994-жылы туулган С.Э.М. аттуу ишкерди уурдап кетишкени айтылат.

Аны кыйнап, кошумча миң доллар алуу үчүн унаасын күрөөгө коюуга мажбурлаган жана кошумча беш миң доллар талап кылышканы кошумчаланган.

Ыкчам иликтөө иштеринин аркасында 25-мартта уурдагандардын бири, мурда бир нече жолу соттолгон, 1984-жылы туулган Б.А.Ж. аттуу адам Талас облусунда акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

XS
SM
MD
LG