Бишкек шаарында "Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун жазуу боюнча жумушчу топ коомдук угуу өткөрдү. Анда "Элдик курултай - коомдук өкүлчүлүк, кеңешүүчү, байкоочу орган катары коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет" деп жазылган.
Мыйзам долбоору 22 беренеден турат. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында төмөндөгүдөй курултайлар өткөрүлөт.
1. Жергиликтүү айыл аймагынын курултайы;
2. Райондун жана шаардын курултайы;
3. Облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын курултайы;
4. Кыргызстандын курултайы.
Элдик курултайга ар бир айыл аймагынан бир, 30 миңден ашык калкы бар шаарлардан эки, Ош шаарынан он, Оштогу жаңы конуштардан беш, Бишкек шаарынан 20, Бишкектин жаңы конуштарынан 20, Кыргыз эл биримдиги коомунан 40, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынан 30, расмий катталган чыгармачыл союздардан сегиз, Кесиптик бирдиктер федерациясы уюмдарынан он, илимий тармактан он, билим берүү тармагынан он, чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынан 20 делегат катышат.
Курултайдын делегаты болуп 21 жашка толгон кыргыз жараны үч жылдык мөөнөткө шайланат.
Элдик курултайда президент өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча кайрылуу жасайт.
Мыйзам долбоору 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кире турганы көрсөтүлгөн.
2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Баш мыйзамда Элдик курултай өзгөчө макамга ээ болгон. Конституциялык реформаны демилгелеген президент Садыр Жапаров Элдик курултайды Баш мыйзамга киргизүүнү башкы негиздердин бири кылган.
Элдик курултай институту 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга дагы киргизилген. Бирок курултай жөнүндө конституциялык мыйзам жазылып, кабыл алынган эмес.